«Aero Nomad Airlines» авиакомпаниясынын Москва – Ош багыты боюнча каттам аткарган учагы Внуково аэропортунан учкандан кийин кайра ошол эле аэропортко кайтууга аргасыз болду.
Учак график боюнча учуп чыккан, бирок техникалык мүчүлүштүктүн айынан экипаж кошумча текшерүү үчүн кайтып келүү чечимин кабыл алган.
Учак аман-эсен Внуково аэропортуна конгон. Азыркы учурда аба кемеси адистер тарабынан техникалык кароодон өтүп жатат. Жүргүнчүлөр аэропорттун стерилдүү аймагына жайгаштырылып, бардык керектүү шарттар менен камсыз болушкан.
Каттамдын Ошко учуу болжолдуу убактысы — жергиликтүү убакыт боюнча 17:00.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алган жүргүнчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. «Aero Nomad Airlines» үчүн жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу эң жогорку артыкчылык болуп саналат.
Кошумча маалымат жана актуалдуу жаңылыктар авиакомпаниянын расмий каналдарында жарыяланат.