Авиабилетти сатып алууда учуу датасын жана рейстин убактысын кылдат ойлонуңуз, балким Сиздин тарифте өзгөртүүгө чектөөлөр болушу мүмкүн.

  • Сиз учурдагы брондоого жаңы жүргүнчүнү кошо албайсыз. Сиз жаңы авиабилет сатып алышыңыз керек, ал брондоо классы, наркы жана жол жүк ташуу ченеми боюнча айырмаланышы мүмкүн.
  • Сиз учурдагы брондоого ымыркайды кошо аласыз.
  • Сиз кошумча айып жана ушул сыяктуу тариф жок болгондо – кийинки жеткиликтүү тарифке чейин тиешелүү айырманы төлөп, билетти кайтара аласыз же аны башка датага жана убакытка кайра брондой аласыз (кеч же эрте мөөнөткө). КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Авиакомпаниянын айрым тарифтери кайра кайтаруу же учуу датасын өзгөртүү үчүн жеткиликтүү эмес.Эгер сиз рейсиңизге келбесеңиз жана рейс учуп кетерге чейин билетиңиздиз кайта тапшырбасаңыз билетиңиздин акчасы кайтарылбай.
  • Эгерде бир буйрутма менен таризделген, бир максат менен бириккен адамдардын тобу (үй-бүлө, туристтик топ) саякаттаса, кайра брондоо, кайтаруу үчүн айып ар бир жүргүнчү үчүн, ар бир учуу сегменти үчүн алынат.
  • Ташуу күнү өзгөргөндө атайын кызмат көрсөтүүлөрдү сактоо жана бортто орундарды тандоо кепилденбейт. Жүргүнчү өзгөртүлгөн датага карата кызмат көрсөтүүлөрдү кайра сатып алышы керек.
  • Жүргүнчүлөрдүн маалыматтары документтерге ылайык так көрсөтүлүшү керек. Эгерде фамилияда, аты-жөнүндө же документтин номеринде ката кетирилсе (толук аты-жөнү эки тамгага чейин, документтин номерин өзгөртүүчү белгилердин саны чектелбейт), жүргүнчүнүн маалыматтарын өзгөртүү үчүн кошумча төлөм алынат. Билетте тарифтин эрежелерине ылайык. Толук аты-жөнүңүздө эки тамгадан ашык ката бар болсо, сиз туура эмес билетти кайтарып, туура маалыматтар менен жаңы билетти беришиңиз керек.
  • Жүргүнчүлөр же учуу маалыматтарына өзгөртүүлөр билет сатылып алынган жерде жүргүзүлөт. Биздин сайтта берилген билеттерди өзгөртүү үчүн авиакомпаниянын кеңсесине кайрылыңыз