Брондоо коду

Брондоону тариздегенден кийин сиз ырастоо кодун аласыз, ал сизге рейске катталууда керек болот.

Сиздин электрондук почта дарегиңизге төмөндөгүлөрдү камтыган брондоону ырастоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт:

  • уникалдуу брондоону ырастоо коду;
  • билеттин номери;
  • рейстин номери;
  • учуу датасы жана убактысы;
  • учуу жана конуу пункттары жөнүндө маалымат;
  • билеттин толук наркы;
  • кошумча кызмат көрсөтүүлөр жана алардын наркы жөнүндө маалымат;
  • учуу жөнүндө маалымат.

Биз эки шаардын ортосунда жүргүнчүлөрдү түз ташууну жүзөгө ашырабыз. Биз туташ рейстерди аткарбайбыз, ошондуктан сиз ар бир учуу үчүн жол жүгүңүз менен бирге рейске каттоодон өтүшүңүз керек.

Билдирүүлөр

Брондоо убагында берилген байланыш маалыматтары рейстин өзгөргөнү тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Бизге төмөндөгү байланыш маалыматтары талап кылынат:

  • мобилдик телефон номери;
  • электрондук почта дареги.

Аэро Номад Эйрлайнс компаниясы так эмес электрондук почта дарегин жана (же) телефон номерин берүүнүн натыйжасында, же жүргүнчүдө берилген электрондук почта дарегине кирүү мүмкүндүгү жок болгондо же жүргүнчү почтасын үзгүлтүксүз текшербегенде, же көрсөтүлгөн телефон номери боюнча жүргүнчүгө чалууга мүмкүн болбогондо жаралган чыгашалар үчүн жоопкерчилик тартпайт.