Кош бойлуу аялдарды ташуу эгерде ал болжолдуу төрөө мөөнөтүнө чейин бир түйүлдүктүү кош бойлуулукта 4 (төрт) жумадан кеч эмес жана көп түйүлдүктүү кош бойлуулукта 8 (сегиз) жумадан кеч эмес аткарылган шартта жана мөөнөтүнөн мурда төрөө коркунучу жок болгондо жүргүзүлөт.

Кош бойлуу аялдар:

  • 28 жумага чейин кош бойлуулук мөөнөтү жөнүндө маалымкат болгондо жана аялдар консультациясынын дарыгери берген учууга каршы көрсөтмөлөр жок болгондо ташылат;
  • 28 жумадан 36 жумага чейин кошо алганда бир түйүлдүктүү кош бойлуулукта кош бойлуулук мөөнөтү жөнүндө маалымкат болгондо жана учууга каршы көрсөтмөлөр жок болгондо, аялдар консультациясынын дарыгери берген алмашуу картасы менен ташылат;
  • кош бойлуу аялдар көп түйүлдүктүү кош бойлуулукта 32 жумага чейин кошо алганда кош бойлуулук мөөнөтү жөнүндө маалымкат болгондо жана учууга каршы көрсөтмөлөр жок болгондо, аялдар консультациясынын дарыгери берген алмашуу картасы менен ташылат.

Кош бойлуу аялдарды ташуу авиаташуучу жүргүнчү аялга кесепеттери үчүн анын алдында эч кандай жоопкерчилик тартпаган шартта жүргүзүлөт, бул анын кепилдик милдеттенмеси менен күбөлөндүрүлөт, ошондой эле авиакомпаниянын өкүлүндө кош бойлуулуктун каалаган мөөнөтүндө кош бойлуу аялдын коопсуз учуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу шектенүү жаралса, авиакомпания жүргүнчү аялды ташуудан баш тартат.

Авиакомпания эгерде жакынкы 7 календардык күндө төрөө мөөнөтү баштала турган болсо, медициналык корутунду болгондо дагы ташууга кабыл албайт.

Жаңы төрөгөн аялдарды төрөттөн кийин жана ымыркай балдарды бала төрөлгөндөн кийин алгачкы 7 календардык күн ичинде ташууга болбойт.

Авиакомпания эгерде бул баруучу өлкөнүн иммиграциялык мыйзамынын талаптары менен регламенттелсе, кош бойлуу аялды ташуудан баш тартууга укуктуу.

Кош бойлуу аялдарга авариялык чыга бериште орун берилбейт.