1. Кошумча жүк сатып алуу.

2. Багажды жана кол жүктү ташууга уруксат.

3. Алдын ала сатып алынса, кошумча жүктүн баасы.

4. Аэропортто каттоодон өткөндө кошумча жүктүн баасы.

Жүргүнчүнүн буюмдары жүргүнчүдөн көз карандысыз баруучу катталган жол жүк жана учактын салонунда жүргүнчүнүн жанында ташылган жол жүк (кол жүк) катары ташылат.

Катталган жол жүктү ташууда жол жүктү каттоонун жана ташуу жөнүндө келишимдин шарттарынын далили болгон жол жүккө квитанция берилиши керек.

Жол жүктү тариздөө жана ташуу үчүн ташуучу жол жүктү акысыз ташуунун белгилүү бир ченемин, ташуу ченемин жана ченемден ашыкча жол жүккө төлөмдүн өлчөмүн белгилейт.

Катталган жол жүктү ташуу ченеми жана төлөмү салмагы боюнча аныкталат жана тиешелүү тарифтерде белгиленет. Жол жүктүн салмагы ар бир багыт үчүн өзүнчө белгиленет жана аба кемесинин түрүнөн көз каранды болот, бирок кандай учур болбосун 30 килограммдан ашпашы керек.

Сиз жүктүн акысын акысыз жүктүн чегинен ашыкча төлөй аласыз:

- билет сатып алууда,

- билетти сатып алгандан кийин кошуу,

- аэропортто кошумча сатып алуу.

Билетти онлайн/туристтик агенттик аркылуу брондогон болсоңуз да, aeronomad.kg расмий сайтында “жүк, орундук, тамактануу” бөлүмү аркылуу кошумча кызматтарды (жүк, отургуч жана башка жеткиликтүү кызматтар) сатып алсаңыз болот.

Кошумча жүктү веб-сайттан сатып алууда, сиз көптү үнөмдөй аласыз, анткени рейске чейин канчалык аз убакыт болсо, кызмат ошончолук кымбат болот.  Кошумча жүктү алуу үчүн бул шилтеме аркылуу сатып алсаңыз болот

 

Каттоодо жүргүнчү таразага тартуу үчүн ага отургузуу, түшүрүү же учуу убагында керек боло турган төмөндөгү предметтерден тышкары, ал ташып бараткан бардык буюмдарды көрсөтүүгө милдеттүү:

  • китеп, журнал, гезит;
  • медикаменттер, өздүк гигиена каражаттары;
  • аялдар сумкасы же папка;
  • 1 жашка чейинки бала үчүн балдар бешиги;
  • майыптын бүктөмө креслосу (араба) ж.б.;
  • дипломат/портфель;
  • сүйүүчүлөр фото- жана видеоаппаратурасы;
  • портативдик компьютер (notebook, lар-tор).

Бардык жол жүк толук таразаланат, андан кийин акысыз ташууга уруксат берилген буюмдар алынат, калганына белгиленген жол жүк тарифи боюнча төлөнөт.

Жол жүктү ташууга кабыл алуу менен жүргүнчүгө катталган жол жүктүн ар бир ордуна жол жүк биркасынын айрыма талону берилет. Жол жүк биркасынын айрыма талону жол жүктү идентификациялоо үчүн арналган.

Эгерде жүргүнчү ташууга алдын ала брондолгондон жана төлөнгөндөн чоң өлчөмдөгү жол жүктү көрсөтсө, мындай жол жүк бош тоннаж жана тиешелүү төлөм болгондо гана ташууга кабыл алынат.

Авиакомпания эгерде жол жүк алдын ала брондолбосо, белгиленген ченемден ашыкча жол жүктү кабыл алууну чектөөгө же жүргүнчүгө ташуудан баш тартууга укуктуу.

Авиакомпания эгерде анын буюмдарынын салмагы, өлчөмү, орундун саны, ичиндеги же таңгагы эрежелердин талаптарын канааттандырбаса, жүргүнчүгө аларды ташуудан баш тартууга укуктуу.

Каттагандан кийин отургузууга келбеген жүргүнчүнүн жол жүгү, ошондой эле отургузууга келбеген транзиттик жүргүнчүнүн жол жүгү жана кол жүгү аба кемесинин бортунан милдеттүү түрдө алынып салынат.

Жол жүктү каттагандан кийин авиакомпания жол жүктүн ичиндегилердин сакталышы, таңгактын бүтүндүгү жана аны ташуу үчүн өзүнө жоопкерчилик алат.

Катталган жол жүктү ташууга тапшырган учурдан тартып аны берген учурга чейин, идентификациялоо же тиешелүү кызматтар тарабынан кошумча кароо учурларынан тышкары, Жүргүнчүнүн жол жүккө жетүү мүмкүндүгүнө тыюу салынат. Авиакомпания авиаташуучу ташуу жөнүндө келишимге ылайык өзүнө мындай жоопкерчиликти алган учурлардан тышкары, катталган жол жүктөгү морт предметтердин, тез бузулуучу азыктардын, документтердин, акчанын, баалуу кагаздардын же башка баалуулуктардын, ошондой эле башка баалуу же жеке предметтердин, заттардын же жүргүнчүнүн буюмдарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Тейлөө классын аргасыз төмөндөткөндө жүргүнчү төлөнгөн тейлөө классы үчүн белгиленген ченем боюнча жол жүктү ташууга укуктуу.

 

Aэро Номад Эйрлайнс авиакомпаниясынын каттамдарында багажды жана кол жүгүн алууга уруксат

Багыт

Бишкек, Ош

Каттала турган жүк (50*50*103, үч өлчөмдүн суммасы 203 см ашпасы зарыл)

Кол жүк (55*40*20 см, 115см)

 

Уллу адам

 2 - 12 жакшка чейинки наристелер

0 - 2 жакшка чейинки наристелер

 

 Москва,

 Сургут,

 Иркутск,

 Новосибирск,

 Красноярск

1 орун 20 кг чейин

1 орун 20 кг чейин

 

0

5 кг

 *Дели

 

2 орун 30 кг чейин

2 орун 30 кг чейин

0

7 кг

 Исламабад

 Лахор

2 орун 27 кг чейин

2 орун 27кг чейин 

0

7 кг

 Ош

 Бишкек

 

15 кг

15 кг

0

5 кг

* 1 даана жүк 23 кг ашпашы керек

 

Aэро Номад Эйрлайнс авиакомпаниясынын каттамдарындагы кошумча жүктүн баасы, рейс учуп кетерге 24 сааттан ашык убакыт калганда веб-сайттан сатып алынганда

 

Багыт

Бишкек, Ош

1 жүк орун до 10 кг

1 жүк орун до 15 кг

1 жүк орун до 20 кг

 Москва,

 Сургут,

 Иркутск,

 Новосибирск,

 Красноярск

20 евро

 

30 евро

 

40 евро

 Дели

45 евро

55 евро

70 евро

 Исламабад

 Лахор

50 евро

75 евро

115 евро

 Ош

 Бишкек

350 сом

525 сом

805 сом

 

 

Aэро Номад Эйрлайнс авиакомпаниясынын каттамдарында учууга 24 сааттан аз убакыт калганда жана аэропортто каттоодо кошумча багаждын жана кол жүктүн баасы

 

Багыт

Бишкек, Ош

1 жүк орун до 10 кг

1 жүк орун до 15 кг

1 жүк орун до 20 кг

Кол жүк

(1кг баасы)

 Москва,

 Сургут,

 Иркутск,

 Новосибирск,

 Красноярск

30 евро

45 евро

60 евро

5 евро

 Дели

 

60 евро

80 евро

100 евро

-

 Исламабад

 Лахор

50 евро

75 евро

115 евро

-

Ош

Бишкек

500 кгс

 

750 кгс

 

1150 кгс

-