Биздин aeronomad.kg сайтында авиабилет брондоо учурунда пайдалуу жаңы функция пайда болду.

 

Эми учактагы орунду тандоодо ар бир конкреттүү орун тууралуу маалымат көрсөтүлөт — терезенин жанындабы, авариялык чыгуучу эшиктин жанындабы же дааратканага жакынбы, так көрүүгө болот.

 

❗Тандооңузду бекитүүдөн мурун сүрөттөмөсүн окуп чыгууну өтүнөбүз. Ар бир орун өзгөчөлүктөргө ээ жана өз орду бар — учууңуз ыңгайлуу болушу үчүн алдын ала маалымат менен таанышып коюу сунушталат.

 

Aero Nomad Airlines’ти тандаганыңыз үчүн рахмат! ✈️