Эл аралык авиакаттамдарда жаңы тарабы: Бишкек – Кашгар – Бишкек багыты боюнча алгачкы түз авиакаттам.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу — Кытайдын түштүк-батыш аймагына түз авиабайланыш ачылууда.
Бишкек, 2025-жылдын 2-июну — «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2025-жылдын 15-июнунда Бишкек – Кашгар багыты боюнча алгачкы түз каттамын ишке ашарын жарыялайт. Учуу Бишкек убактысы боюнча таңкы 04:55те пландалууда. Бул Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда түз авиакаттам орнотуу багытындагы маанилүү кадам болуп эсептелет.
Стратегиялык мааниси:
- 2025-жылы «Аэро Номад Эйрлайнс» — Кытайга үзгүлтүксүз түз каттам ачкан алгачкы жана жалгыз кыргыз авиакомпаниясы болот.
- Алгачкы авиакаттам Кашгар аэропортунун инфраструктурасын, Кытайдын темир жол тармагы менен байланыш мүмкүнчүлүгүн жана жер үстүндөгү тейлөөнү тестирлөөгө мүмкүндүк берет.
- Бул долбоор Улуу Жибек жолунун жанданышын колдоп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода, логистика, туризм жана ишкердик байланыштарды күчөтөт.
- Кашгардагы логистикалык мүмкүнчүлүктөр эске алынганда, бул каттам «Мадина» жана «Дордой» соода борборлору үчүн Синьцзян рыногуна эң кыска жана ыңгайлуу жолду камсыз кылат.
- «Бишкек — Кашгар» багыты кыргыз, уйгур жана кытай диаспоралары үчүн жол жүрүүнү бир топ жеңилдетет.
«Бишкек — Кашгар каттамын ачуу менен биз Улуу Жибек жолунун эки тарыхый борборун бириктирип, ишкерлер, туристтер жана маданий кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз», — деп белгиледи «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын башкы директору Тимур Аралбаев.
Авиакомпания мындан ары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуу боюнча коммерциялык каттамдарды жүргүзүүнү пландаштырууда. Ошондой эле, жеке буйрутма менен чартердик каттамдар дагы жеткиликтүү болот — ийкемдүү багыттар жана жеткирүү шарттары менен.
«Аэро Номад Эйрлайнс» Кыргызстанды Кытайдын түштүк-батышы менен түз туташтырып, бизнес, туризм жана аймактын туруктуу өнүгүшү үчүн жаңы аба каттамын ачууда.
Медиа байланыштар:
Турумбекова Айрин
PR-менеджер, «Aero Nomad Airlines»