Москва шаарындагы Внуково аэропортунда Россия Федерациясынын резиденти болуп эсептелбеген чет элдик жарандар үчүн манжа изин алуу (дактилоскопия) тутуму сыноо режиминде иштей баштады.
1-майдан тарта бул система толук ишке киргизилип, Россияга кирүүдө бардык резидент болуп эсептелбеген жүргүнчү үчүн милдеттүү болот.

Азырынча чоң кезектер байкалган жок. Бирок, системанын толук ишке кириши менен текшерүү убактысы өзгөрүшү мүмкүн.

Ошондуктан Внуково аэропортунан учуп кетүүчү жүргүнчүлөрдү каттоодон өткөндөн кийин убакытты текке кетирбестен, контролдук процедураларды өз убагында өтүү үчүн аэропортко эрте келүүгө чакырабыз.

Сиздердин коопсуздугуңуз үчүн кам көрүп, урматтоо менен,
Аэро Номад Эйрлайнс командасы