Аэро Номад Эйрлайнс авиакомпаниясынын жогорку жетекчилиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аймактык директору Николас Ралло менен расмий жолугушуу
өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө Aero Nomad Airlines авиакомпаниясынын презентациясы көрсөтүлүп, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен ИКАО ортосундагы жарандык авиация тармагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Николас Ралло ИКАО нун Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого, авиация тармагынын өнүгүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана эл аралык стандарттарды ишке ашырууга даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, жакын арада Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттиги менен бир катар кызматташтык келишимдерин түзүү пландаштырылууда, бул тармактын өнүгүшүндө жана анын дүйнөлүк талаптарга шайкеш келүүсүндө маанилүү кадам болот.
Аэро Номад Эйрлайнс Кыргыз Республикасынын эл аралык авиациялык аренада позициясын чыңдоого жана маршруттук түйүнүн кеңейтүү алкагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө активдүү иш алып барууда.
Error