Биздин авиакомпаниянын өнүгүүсүндөгү жаңылыктар ынгайлуу учууларды сүйүүчүлөрдү кубандырат.
2024-жылы биздин авиакомпания өзүнүн паркын заманбап кең фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу учак - Airbus A330 менен толуктай турганын сыймыктануу менен билдиребиз! Бул эми сиз алыскы аралыктарга унутулгус саякатка чыга аласыз дегенди билдирет.
Жаңы Airbus A330 учагы:
Жүргүнчүлөрдү сыйымдуулугу бизнес жана эконом класстарда 293 жүргүнчүгө чейин.
13 400 кмге чейинки учуу диапазону - бул сизге Таиланд, Вьетнам, Сауд Арабия, Шри-Ланка, Стамбул, Анталия жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө кыялкеч учууларды жасоого мүмкүнчүлүк берет.
Биздин жүргүнчүлөр үчүн укмуштуудай комфорт жана заманбап жабдуулар.
Биз Кыргызстанда биринчилерден болуп сизге бул уникалдуу учакта учуу мүмкүнчүлүгүн бергенибизге сыймыктанабыз. Биздин расмий платформаларыбыздагы жаңылыктарга көз салыңыз, каттамдардын башталышы жөнүндө биринчилерден болуп билиңиз!
Биздин каттамдар, расписание жана брондоо тууралуу толук маалыматты биздин расмий сайтыбыздан тапсаңыз болот: www.aeronomad.kg.
Аэро Номад менен асманды багындыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!