Кыргызстанда кайсы жерде даамдуу тамактанууга болот? Албетте, түштүк борборубуз Ош шаарында. Ош Борбор Азиядагы эң байыркы шаар болуп эсептелет – анын 3000 жылдан ашык тарыхы бар.
Ар бир турист Ошко барышы керек, анткени Кыргызстандын көркү ушул жерде. Бул жерде эң кооз тоолор, белгилүү чокулардын бири – Ленин чокусу жайгашкан. Башкысы – бул жерде эң даамдуу плов даярдалат.
Ош шаары Сулайман-Тоо сыяктуу ажайып жери менен белгилүү, ал ЮНЕСКОнун коргоосунда турат. Тоонун чокусунда тарыхый музей жайгашкан. Ал эми шаардын көрүнүшү оңой менен бир нерсе жактырбаган саякатчыны дагы суктандырат.
Чыгыш базары. Туристтер үчүн базарда сейилдөө сувенирлерди жана азыктарды сатып алуудан дагы кызыктуу. Анткени бул жерде кол өнөрчүлөрдү жана салттуу кийимчен жашоочуларды көрүүгө болот. Эң даамдуу жыттуу татымалдар жана салттуу ашкана. Ошту жакындан билгиңиз келеби? Анда «Ош» базарына барыңыз.
Байыркы шаарлар, жайлуу чайканалар, суктандырган табият жана сырдуу тарыхый мурас – бул сиз Кыргызстандын түштүгүндө таба ала турган нерсенин аз гана бөлүгү.