Пакистанда туризмдин гүлдөп өнүгүү келечеги алдыда. Акыркы жылдары өлкө инфраструктураны жигердүү өнүктүрүп жатат, бул жыл сайын улам көбүрөөк жаңы туристтерди тартууда. Бирок бүгүнкү күндө да Пакистан тарыхый эстеликтерге бай. Өлкөнүн аймагында эң кооз жерлер жана 5 миң жылдан ашкан тарыхтын издери бар. Мисалы, байыркы Хараппа шаары биздин заманга чейинки XXIII кылымдан бери сакталып келет.
Пакистанда туристке кайсы шаарларга жана ажайып жерлерге баруу сунушталат?
- Лахор чеби. Бул тарыхый «артефакт» 1981-жылы Дүйнөлүк мурас эстелиги деп таанылган.
- Джинна мавзолейи. Пакистандын негиздөөчүсү Мухаммад Али Жиннанын Карачи шаарындагы күмбөзү. Бул заманбап имарат 1960-жылдары курулган, ак түстөгү мрамордон тургузулган. Мавзолей өлкөнүн символдорунун бири, маанилүү ажайып жай катары эсептелет. Миңдеген пакистандыктар күн сайын өз улутунун негиздөөчүсүн эскерүү үчүн келишет.
- Бадшахи мечити. Мечит XVII кылымда курулган. Бул Пакистандын маанилүү жана негизги тарыхый мурастарынын бири болуп саналат.
- Деравар. Холистан чөлүндө жайгашкан. Пакистандын белгилүү ажайып жайларынын бири.
- Мохатта сарайы. Карачи шаарында жайгашкан белгилүү ажайып жайлардын бири.
Өлкөдөгү белгилүү спорт түрү — крикет. Пакистандын курама командасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын бири болуп саналат жана эл аралык мелдештерде лидерлик үчүн күрөшөт.
«Аэро Номад» авиакомпаниясы Пакистандын борбору – Исламабад шаарына, ошондой эле Лахор шаарына үзгүлтүксүз рейстерди аткарат.