10-февралдан тарта “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Ош-Москва-Ош багытында биринчи үзгүлтүксүз авиакаттамды аткарып, ошону менен Ош-Москва каттамынын санын көбөйттү.

Аэробус А320 учагы менен жумасына бир жолу, жума күндөрү Внуково аэропортуна каттамдар аткарылат. Март айынан баштап Аэро Номад Эйрлайнс бул багыттагы каттамдардын жыштыгын жумасына үч жолуга чейин көбөйтүүнү пландоодо.

Авиакомпания ошондой эле Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча дагы бир жаңы каттамды ачууну пландаштырууда.

Авиакомпания Бишкектен ички жана эл аралык багыттарга: Ош, Дели, Лахор, Исламабад, Гоа, Анталия, Жидда, Мединага туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат.