Аэро Номад Эйрлайнс (KA/KG) 2023-жылдын 10-февралынан тарта Ош - Москва - Ош жаңы рейсин аткара баштайт.

Каттамдар Aэробус A320 учагында жумасына бир жолу жума күндөрү, жана жаз-жай мезгилинде жумасына үч жолуга чейин көбөйөт. Рейстер Внуково аэропортуна аткарылат.

Учуу узактыгы - 5 саатка чейин

Багаж - 23 кг жана 5 кг кол жүгү

Билеттерди www.aeronomad.kg сайтынан же өлкөнүн бардык авиакассаларынан сатып алса болот. Aэро Номад Эйрлайнс — 2021-жылы негизделген кыргыз авиакомпаниясы. Учуу, кабина жана техникалык персонал, ошондой эле Аэро Номад авиакомпаниясынын башка адистери жарандык авиация тармагында чоң тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистер болуп саналат.

Авиакомпания Кыргыз Республикасынын борборунан ички жана эл аралык багыттарга: Ош, Дели, Лахор, Исламабад, Гоа, Анталия, Жидда, Медина (Сауд Аравиясы) боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.

Жакынкы арада Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча, ошондой эле Россия Федерациясынын башка шаарларына каттамдарды ачуу пландалууда.