Жүргүнчүнүн жанындагы бардык буюмдар кол жүк деп эсептелет. 

Кол жүгүнүн жалпы салмагы ички каттамдар үчүн 5 кг, эл аралык каттамдар үчүн 7 кг ашпайт, эгерде авиаташуучу тарабынан башкача белгиленбесе. Кол жүк катары карала турган буюмдардын жана предметтердин тизмеги авиаташуучу тарабынан аба аркылуу ташуу жөнүндө келишимде белгилениши мүмкүн.

Кол жүгүнө «Кабинага» же «Кол жүгү» биркасы чапталат, жол жүк квитанциясында кол жүктүн салмагы белгиленет. Жүргүнчү аба кемесинин салонунда ташыган буюмдардын сакталышына өзү кам көрөт. Авиакомпания жүргүнчүнүн кол жүгүн жоголушу жана бузулушу үчүн жоопкерчилик тартпайт.